Ферганада жалган кол өнөрчүлөр көбөйдү

Автор -
458

Өзбекстан Салык комитети президент Шавкат Мирзиёев берген салык жеңилдиктеринен кыянат пайдаланган кол өнөрчүлөрдүн ишмердүүлүгүн текшере баштады. Бул өнөктүк кол өнөрчүлүк деген атка жамынып алып, ишкердик жүргүзгөндөрдү аныктоого багытталган.

20-июндан тарта Анжиян жана Ферганадагы кол өнөрчүлүк борборлору салык жеңилдиктеринин максаттуу пайдаланылышы текшерилери тууралуу билдирме ала башташты.

«Учурда салык комитетинин кызматкерлери кол өнөрчүлүк үчүн күбөлүк алып, бирок ишкердик жүргүзүп жаткандарды издөөдө. Маселен, Маргиланда ар бир экинчи дүкөн ээси кол өнөрчү катары катталган», –деди жергиликтүү зергер Элбек Мухаммадёров.

2017-жылы 17-ноябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча токтомго кол коюп, салык жеңилдиктерин киргизген. Мындан тышкары «Хунарманд» ассоциациясына мүчө усталар кесиптик колледжерде окууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Өзбекстан Салык комитетинен билдиришкендей, Маргиланда эле 550 кол өнөрчүлүк уюм катталган, алардын 246сы таптакыр башка иш менен алектент.

«Хунарманд» ассоциациясынын маалымат катчысы Нилюфар Хотамова кол өнөрчүлүккө жамынып башка иш менен алектенгендер республика боюнча көбөйүп жатканын белгиледи. “Алгач алар кол өнөрчү деген күбөлүк алып, улуттук кийим тиге башташат. Анан 1-2 ай өтпөй дүкөндөрүн кытай кийимдери менен толтуруп ташташат, мамлекетке салык төлөшпөйт. Алардын айынан чыныгы кол өнөрчүлөр жабыр тартууда”, –деди Хотамова.