Куткаруучу Мырза Эргешов: Куткаруучу болуп иштегениме сыймыктанам (эксклюзивдүү интервью)

Автор -

1-июль-Куткаруучулар күнүнө карата республикабыздын аймагындагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар көп катталган аймакта жайгашкан КР ӨКМнин Баткен шаарындагы 3-издөө куткаруу отрядынын командири, майор Эргешов Мырза Абдрашитович менен маек курдук.

 — Сиз эмне үчүн бул кесипти тандап калгансыз? Ким таасир берген?

— Мен аскер кызматкери болушту бала кезимден ниет кылчумун, жашым жетип, атайын аскердик окуу жайларын бүтүрүп, максатыма жетип, иштеп жатамын. Менин аскер адамы болушума атам түрткү берип, аракеттеримди дайыма колдоп келет.

— Эгерде дагы бир жолу кесип тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болсо, кайсы кесипти тандамаксыз?

— Аскер адамы болуп, куткаруучу кесипти тандамакмын.

— Издөө – куткаруу отрядында канча жылдан бери иштейсиз?

— Баткен шаарында жайгашкан Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядында 6 жыл иштеп, анын ичинде 3 жыл отрядтын командиринин биринчи орун басары – штабдын зардалы, 3 жыл отрядтын командири кызматында иштеп жатам. Андан тышкары Таш-Көмүр шаарындагы 2-өзүнчө издөө-куткаруу отрядында 2 жыл, Кызыл-Кыя шаарындагы Тоо — Кен кырсыгынан куткаруу кызматында 1,5 жыл командирдин биринчи орун басары – штабдын зардалы кызматында иштегенмин. Жалпысынан 12 жылдан бери ӨКМде эмгектенип келем.

— Баткендеги издөө-куткаруу отряды түзүлгөндөн бери канча адамдын өмүрү сакталып калынды?

— 150дөн ашык чоң кыйроодогу  техногендик жана табигый мүнөздөгү ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарга катышып, өзүнүн ишмердүүлүгүн көрсөтүп келүүдө. Андан тышкары, жол кырсыгына кабылгандарды, тоолуу аймактарда жабыркаган адамдарды (туристтерди) сактап калуу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Акыркы жылдары кырсык учурунда 5 кишинин өмүрүн сактап калдык.

— Адам өмүрүн сактап калганда Сизде кандай сезимдер пайда болот?

— Ошол кырсыкка кабылган жарандардын ордуна өзүмдү коюп көрүү менен элестеткенде куткаруучу болуп иштегениме сыймыктанам. Себеби, жабыркаган жарандардын кайгысын тең бөлүшүп, иштерибиздин жыйынтыгында элдин берген алкышын жана батасын алганыбыз мен үчүн чоң сыймык.

— Куткаруучулукту жаңы баштаган мезгилден азыркы учур эмнеси менен айырмаланат (окутуу, техниканынын жетишкендиктери)?

— Азыркы учурда куткаруу иштерин жүргүзүү жаңы ыкмалар, заманбап куткаруу шаймандар жана атайын техника, жабдуулар менен камсыздалып, куткаруу иштери уюштурулуп келүүдө. Андан тышкары атайын куткаруучуларды даярдоочу окуу шаарчасы (полигону) курулуп, куткаруучулардын кесиптик тажрыйбасы өсүүдө жана окуу материалдык базалары жаңыланууда.

 — Издөө – куткаруу отряды качан жана кантип түзүлгөн?

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 25-апрелиндеги Токтомунун негизинде Баткен облусунун аймагында катталган өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринен калкты, аймакты сактоо, кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү максатында 2000-жылдын 25-апрелинде Баткен районунун Кызыл-Жол айылында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86017 аскер бөлүгү болуп түзүлгөн. 2002-жылдын 20-февралында Баткен шаарынын аэропорт кварталына көчүрүлгөн. 2009-жылдын 21-ноябрда 86017 аскер бөлүгү 3-издөө-куткаруу отряды болуп аты өзгөрүлгөн. 2011-жылдын 14-январында 3-издөө-куткаруу отряды 3-өзүнчө издөө-куткаруу отряды болуп аталышы өзгөртүлгөн. Отряд түзүлгөн жылдардан баштап 2013-жылы КР Куралдуу Күчтөрүнүн “Баткен-Антитеррор-2013” командалык-штабдык машыгуу, 2014-жылы “Стихия-2014” Эл аралык машыгуу, 2015-жылы Тажикстан Республикасынын чек ара кызматы менен Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын ортосундагы “Бөгөт-2015” машыгуусу, 2016-жылы КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен биргеликте “Баткен облусунун аймагында командалык-штабдык жана мобилизациялык” машыгуусу, ошол эле жылдын октябрь айында Тажикстан Республикасынын жарандык коргоо министрлиги менен КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы “Шураб-Паски-Арык-2016” эл аралык  машыгууларга ийгиликтүү катышып келген жана Казахстан Республикасында өткөрүлүүчү “Казспас” эл аралык көп кырдуу куткаруучулардын мелдештерине жыл сайын куткаруучуларды даярдап жөнөтүп келет.

— Жаңы түзүлгөндө абал кандай эле, канча адам иштейт эле, материалдык техникалык базасы кандай эле?

— 2000 – 2001 – жылдары 86017 аскердик бөлүк болуп түзүлүп, Ар бир мезгилдин талабына ылайык жумуш жүргүзүп келе жатат.

— Азыркы мезгилде абалы кандай? Кандай жетишкендиктерге жетти?

— Азыркы учурда алдынкы аскер бөлүктөрдүн катарын толуктап турат. Абалы жакшы. Жетишкендиктери, заманбап куткаруучуларга керектүү полигондор курулуп, окуу материалдык базалары  жаңыланууда. Андан тышкары атайын багыттагы техникалар бөлүп берүү жагы каралып жатат.

— Издөө – куткаруу отрядында кандай көйгөйлүү маселелер бар?

— Куткаруучулардын саны дагы көбөйсө, жакшы болмок.

— Дагы 10 жылдан кийин Издөө – куткаруу отрядын кантип элестетесиз?

— Алдыга койгон максаттарыбыз чоң, келечекте эң алдынкы куткаручуларды даярдоочу отряд болушуна ишенемин. Алдыга коюлган тапшырмаларды максатка ылайык туура жана так аткарып, отрядтын артыкчылыктарын көрсөтмөкүбүз.

— Көп жыл иштеген тажрыйбалуу кызматкер катары жаш кадрларга кандай акыл-насаат айтаар элениз?

— Куткаруучу ардактуу кесип, элдин кызматын кылып, батасын алып, ар дайым көңүл чордонунда болосун. Бирок, баары эле куткаруучу боло албайт, анткени өз өмүрүн тобокелге салып, адам өмүрүн куткарууну биринчи орунга коюу керек, менин үй – бүлөм, балдарым, аялым бар эле деп ойлонууга болобойт. Жумуштун шарты татаал экен,- деп арызданууга да такыр эле акың жок, анткени, биздин жумушта кырсык качан, кайдан, кантип келээрин айтпайт, ошого даяр болуубуз зарыл. Ким элине кызмат кылып, куткаруучу болууну максат кылган болсо, мен аларга талыкпай эмгектенип, тандаган жолдун ысык-суугуна чыдап, дайым алдына карай умтулуусун насаат кылар элем.

— 1-июль- Куткаруучулар күнүнө карата куттуктоо сөзүңүз.

-Куткаруучу – эл кызматында болуп, мекенибиздин тынчтыгын жана бейпилидигин сактоодо жана ар дайым күжүрмөн даярдыкта туруп, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюп, өз милдеттерин тайманбай аткарган ардактуу жана гумандуу кесип. 1-июль-куткаруучулар күнү менен кесиптештеримди куттуктап, чын ден-соолук, үй– бүлөөсүнө ынтымак жана береке, элибизде тынчтык жана бейпилчилик өкүм сүрүүсүн каалаймын! Өлкөбүздүн желегин желбиретип, өсүп-өнүгүшүнө салымын кошкон, жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү, адам өмүрүн сактоого арналган эмгегиңиздер ийгиликтер менен коштолсун! Элибиз тынч, ар бир жараныбыз аман болуп, мекенибиз өркүндөй берсин. Баарыңыздырга бактылуу жана бейпил жашоо каалаймын!

Бөлүшүү