Бүгүн, 29-июнда “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна быйылкы жылдын эсеби менен Оштон алгачкы жүргүнчүлөр учуп келди.
“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, “Ош-Тамчы” багыты боюнча алгачкы 87 жүргүнчү учуп келген.
Бул багыт боюнча каттамдар жумасына үч жолу – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү учат.