Бүгүн автоунааларды жеңил шартта каттатуунун мөөнөтү аяктайт

Автор -
247

«Бүгүн, 2-июлда жеңилдетилген шарт менен автоунааларды кайра каттатуунун мөөнөтү аяктай»,-деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматы.

Маалыматка ылайык, жарандар бүгүн саат 22.00гө чейин унаасын кайра каттоодон өткөрө алат.

«Акция 2-апрелде башталган, бул убакытта ишеним кат менен жүргөн 120 миңден ашык айдоочу унаасын кайра каттатты»,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Каттоо кызматы унааларды каттоонун төлөмү 3-июлдан тарта 0,3 пайызга жогорулаарын билдирген. Акция учурунда 0,1 пайыз менен жүргүзүлдү.