22-28-июнь аралыгында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол эрежесин бузган 20 миң 846 айдоочуга айып салды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалгандардын 332и мас абалында болгон.
Айыпка жыгылган айдоочулардын саны:
— 616 адам — жол чырактын кызыл жарыгына карабай өтүп кеткен;
— 332 — мас абалында болгондор;
— 3756 — жол белгилерин эске албагандар;
— 60 — унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатып алгандар;
— 2812 — катуу айдагандар;
— 27 — кооптуу оор жүктөрдү ташуудагы эреже бузуулар;
— 31 — унааны документсиз айдоо.
Мындан сырткары, 22-28-июнь күндөрү 826 автоунаа айып короого токтотулду.