4-июлга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Автор -

4-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Эртеӊ, Бишкек шаарында 4-июлда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн 16…18, күндүз 27…29.