Мыкты бүтүрүүчүлөр президент Жээнбековдун колунан ноутбук жана сертификат алышты

Автор -
320

Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептериндеги мыкты бүтүрүүчүлөр президент Сооронбай Жээнбековдун колунан баалуу белек жана алтын сертификат алышты.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөз сүйлөп, жалпы аземдин ардактуу катышуучуларына кайрылды. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча бул жылы мыкты бүтүрүүчүлөрдүн катарына жалпы республика боюнча 59 адам кирген.

“Балдарым, эң жогорку балл алып, мектепти татыктуу аякташыңар менен куттуктайм. Биз силер менен сыймыктанабыз жана алган билимиңерди Мекендин өнүгүшүнө жумшайсыңар деп ишенебиз. Силер менен ата-энеңер, мугалимиңер сыймыктанышат жана келечекте мамлекеттин өнүгүшүнө салымыңарды кошот деп алар дагы ишенишет”, — деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн эң мыкты мектеп бүтүрүүчүлөрүнө салтанаттуу түрдө алтын сертификаттарды тапшырууда.

Бөлүшүү