Эртеӊ, 5-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34
Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31,
Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36,
Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…12, күндүз 22…27,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градуска чейин көтөрүлөт.