Астана полициясы ачкачылык жарыялаган үлүшчүлөрдү кармап кетти (видео)

Автор -

3-июлда Астана полициясы шаардагы «Комсомольский» турак-жай комплексин куруп бүткөрүүнү талап кылып чыккан бир нече үлүшчүнү кармап кетти.

Комплекстин курулушу үчүн деп акчаларын берип койгон үлүшчүлөр курулуш компаниясынын аракеттерине нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялашты. Алардын айтымдарында, алгач курулушту «Турак-жай алиппеси» деген компания баштап, бирок ал өз милдеттенмелерин толук аткарган эмес. Андан соң бийлик объектинин курулушун «Орда инжиниринг» деп аталган башка компанияга берген. Бирок үйлөр дале толук курулуп бүткөрүлө элек.

Үлүшчүлөрдүн акциясы башталганына бир саат боло электе эле полиция менен прокуратура кызматкерлери келишти. Астананын Есил райондук прокуратурасынын орун басары Сергей Смолин чогулгандарга алардын бул аракети «уруксат берилбеген акция экенин» эскертип, андан соң полиция кызматкерлери үлүшчүлөрдү кармап кете башташкан. Чогулгандар митинг өткөрбөгөнүн түшүндүрүүгө аракет кылып, кармоолорду мыйзамсыз деп эсептей тургандыктарын айтышты. Бирок укук коргоо органдары алардын сөздөрүн угушкан жок.Астана акимчилигинин административдик-укук тартиби бөлүмүнүн башчысы Исабек Досжан акция өткөрүү үчүн алгач акимиаттан уруксат алуу керек болгонун айтты. Ал үлүшчүлөрдүн талаптары боюнча калаа бийлиги чараларды көрүп жатканын, маселе жетекчиликке жеткириле турганын кошумчалады.

Үлүшчүлөр аларды «Турак-жай алиппеси» компаниясынын жетекчилиги алдап кеткенин бир канча жолу билдиришкен. 2016-жылы аталган компаниянын жетекчилери акча уурдоо айыбы менен түрмөгө камалган. Андан бери «Турак-жай алиппесинин» бир нече объектиси курулуп бүтсө, калгандарында иш топтоп турат.

Окуя болгон жерде тартылган видео:
Бөлүшүү