Бишкекте төрөт үйүнүн короосунда көз жарган эненин да, баласынын да абалы жакшы (Видео)

Автор -
238

3-июлда Бишкек шаарындагы №2 төрөткананын короосунда кош бойлуу аял көз жарды. Төрөт үйү жайкы оңдоп-түзөө үчүн жабык болгон.

«Биздин төрөткана ремонтко жабык. Аялдын толгоосу бышып, төрөтканага кире албай, сыртта көз жарган. Дарыгерлер баланын киндигин кесип, үстүңкү кабаттагы төрөт бөлүмүнө алып киришип, бизди чакырышты. Азыр эне-баланын акыбалы жакшы» ,-деп билдирди Азамат Алымбаев.

Саламаттык сактоо министрлигинде бул иш боюнча атайын иликтөө башталганы маалым болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги №2 төрөткананын эшигинин алдында көз жарып жаткан келиндин видеосу тараган.

 

https://www.instagram.com/p/BkwmmPlhE51/?taken-by=omks_video