Москва районунун Кыз-Моло айылында 3 жыл мурун дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү табылды.
Чүй облустук ИИББнын маалыматына ылайык, сөөк 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн Д.Д. аттуу жаранга таандык экени аныкталган.
2018-жылдын 24-майында милиция кызматкерлери ыкчам алынган маалыматтын негизинде Кыз-Моло айылындагы үйлөрдүн бирин текшеришкен. Натыйжада маркумдун денеси өз үйүнүн короосундагы чуңкурдан табылган. Бул кылмыш ишке шектүү катары 29-июнда Д.М. аттуу жаран кармалган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.