Ош облусунун Мады айылында кытайлар ферма түзүп, 3 миңден ашык эшекти багып жатышат. Бул тууралуу Өнүгүү-Прогресс фракциясы фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Жергиликтүү тургундардын айтуусу боюнча өлгөн эшектер чуңкурга ыргытылып, жугуштуу ооруларды таратуучу чымын-чиркейлер көбөйүп, үйлөрдү каптап кеткен.
Түзүлгөн кырдаал экологиялык коопсуздукка коркунуч жаратып, чума, эпидемия сыяктуу инфекциялык оорулар калк арасында жайылышы мүмкүн деп айылдыктар кабатыр.
Бул маселе “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров аталган айылдын жашоочулары менен болгон жолугушууда көтөрүлүп, депутат эшек ферманы, өлгөн эшектер ташталган жерди көрүп келди.
Эл өкүлү буга КР нын Өкмөтү тез арада чара көрүп, аталган эшек фермасын жаап, жашоочуларды жугуштуу оорулардан алдын алууга чакырды.