Казакстан Астана жана президенттин туулган күнүн белгилөөдө

Автор -

Казакстанда бүгүн Астананын 20 жылдыгы белгиленүүдө. Мамлекеттик майрам президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө туш келди. Казак лидери 78 жашка чыкты.

Астана президент Назарбаевдин демилгеси боюнча 1997-жылы өлкө борбору Алматыдан Акмоло (СССР кезинде — Целиноград) шаарына көчүрүлгөн. 1998-жылы Назарбаевдин жарлыгы менен калаанын аты Астана болуп өзгөртүлгөн.

2006-жылга чейин Астана күнү 10-июнда белгиленип келген, кийин ал 6-июлга жылдырылган. 2008-жылдан тарта Астана күнү – мамлекеттик майрам, дем алыш күнү болуп бекитилген. Быйыл маараке алдында Казакстандагы бардык аймактар борбор калаага велосипед жолу, бала бакча, ремонттон өткөн парктарды белек кылышты. Расмий маалыматтар боюнча Астана күнүн белгилөөгө 18 миллиард 800 миллион теңге жумшалды.

Астана калаасын Казакстанды совет доорунан бери үзгүлтүксүз башкарып келе жаткан Нурсултан Назарбаевдин “перзенти” деп аташат. 1990-жылы 24-апрелде Казак ССР президентти кызматына Казак ССР Коммунисттик партиясынын жетекчиси Нурсултан Назарбаев дайындалган. Ошондон бери ал бийликтен түшө элек. 2015-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Назарбаев 97 пайыздан ашык добуш алган.

Назарбаевдин сынчылары Казакстандагы шайлоо жыйынтыктарына ишенишпейт. Алар Назарбаев саясий атаандаштарын куугунтуктап, башкача ой жүгүрткөндөргө басым жасайт деп эсептешет. Назарбаев болсо “Казакстандын демократияга жетер өз жолу бар” деп айтып келет.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков  Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады. 

Бөлүшүү