Режиссер Руслан Акундун “Көк-Бөрү” тасмасынын тизери чыкты. Видео аталган тасманын фейсбук баракчасына жарыяланды.
Белгилей кетсек, “Салам Нью-Йорк”,”Апамды издейм” кино тасмаларынын режиссёру Руслан Акун кыргыздын улуттук оюндарынын бири болгон “Көк-Бөрү” тууралуу тасма тартууда.
“Тасманы тартуу иштери май айында башталган. Тасмага Казакстандык каскадерлор дагы тартылууда. Кинодо экшн, трюк, спецээффектер колдонулуп, улуттук оюндун чыныгы каардуу оюн экени баяндалмакчы.