Кыргызстандык келин учакта көз жарды

Автор -

7-июлда Ош-Екатеринбург каттамында бараткан кыргызстандык келин учакта көз жарды.

Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады. Төрөттү борт коштоочулар кабыл алган.

Орусиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын учагында көз жарган айымдын аты Махбуба Сермаматова. Дарыгерлердин айтымында, ал август айында көз жармак, бирок учак абага көтөрүлгөн маалда кош бойлуу келиндин суусу кетип төрөтү башталган. Учакта салмагы 2 килограмм 600 грамм, бою 45 сантиметр болгон уул бала төрөлгөн.

Учакта төрөлгөн балага ата-эне «Урал аба жолдорунун» атынан Уралбек аттуу ысым ыйгарышкан. Азыркы тапта эне-баланын абалы жакшы.

Бөлүшүү