13-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Эртеӊ, 13-июлда Кыргызстандын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,

Баткенде түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39,

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34,

Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38,

Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…15, күндүз 21…27,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 34…36 градуска чейин көтөрүлөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү