Бүгүн Кант шаарынын айрым көчөлөрүндө көгүлтүр отун өчүрүлөт

Автор -

Бүгүн, 13-июлда Кант шаарынын айрым көчөлөрүндө жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, газ берүү Кант шаарынын Куренкеев, Октябрь, Матросов, Тулебердиев, Орозов, Победа көчөлөрүндө убактылуу жок болот.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү