Алматыда Батырхан Шукенов атындагы көчө пайда болушу мүмкүн

Автор -
296

13-июлда Казакстандын электрондук өкмөт порталы Алматынын Алатау жана Бостандык райондорундагы бир нече көчөнүн аталышын өзгөртүү долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Анда Алатау районундагы Наурыз көчөсүнө маркум казак ырчысы, композитору жана акыны Батырхан Шукеновдун ысымын берүү сунушу дагы бар.

Шаардагы 164 көчөнүн аталышын өзгөртүү тууралуу буйрук 27-июлга чейин шаардыктардын талкуусу үчүн жеткиликтүү болот.

Мыйзам долбоорлорду ачык талкуулоо порталы 2016-жылы иштей баштаган. Анын максаты жарандарга «коомдук демилгелерди, укуктук актыларды жана мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди талкуулоо мүмкүндүгүн берүү» болуп эсептелет. Электрондук кол тамгаларга ээ казакстандыктар порталга жайгаштырылган демилгелер үчүн добуш бере алышат.

Батырхан Шукенов 2015-апрелде Москвада жүрөгү кармап каза болгон. Быйыл майда ырчы туулуп өскөн Кызылордо шаарында анын эстелиги тургузулган.

Бөлүшүү