Японияда ысыктын айынан 5 киши каза болуп, 1500 ашуун киши ооруканага кайрылды

Автор -

Японияда абанын жылуулугунун жогору болушунун себебинен 5 киши көз жумуп, кеминде 1500 киши ооруканага кайрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн көптөгөн шаарында 38 градустан ашкан ысык аба-ырайы 5 кишинин өмүрүн алды.

Япониянын Метеорология агенттиги өлкөдө абанын жылуулугунун жогору болушунун улана турганы боюнча эскертти.

Ал эми өткөн жумалардан бери өлкөнүн батышына таасирин тийгизген сел жана жер көчкүлөрдөн 200 ашуун киши каза тапкан болчу.

Бөлүшүү