Экс-депутат Канат Исаев үй камагына чыгарылды

Автор -

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасын караган Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Исаевдин адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Исаевдин адвокаттары бөгөт чарасын өзгөртүүнү соотон өтүнгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык соту Исаевге карата «Коррупция» беренеси боюнча райондук сот 10 жылга кескен ишти «мөөнөтү өттү» деген жүйө менен токтоткон эле. Ал эми «Бийликти басып алуу» беренеси боюнча иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.