Сокулук районунунда өрт чыкты

Автор -
208

Сокулук районунун Шопоков шаарында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Арча жана Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде вагон күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 1957-жылкы Т.Н., аттуу киши күйүп каза болгон. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жансыз денени алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

«Өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан келип чыккан»,-деп айтылат маалыматта.