Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлдү (фото)

Автор -

«Ысык-Көл облусунун  Ысык-Көл районунда  2018-жылдын 17-июль күнү саат 11:45 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Бостери айыл аймагынын  Бактуу-Долоноту, Бостери айылдарында жана Корумду айыл аймагынын Булан-Сөгөтү айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Бостери айылында ички чарбалык каналдан суу ашып, 15 турак үйдүн жана Бактуу-Долоноту айылында 3 турак үйдүн короо жайларын каптаган. Мындан сырткары Булан-Сөгөтү айылында 1 орто мектептин, 1 балдар бакчасынын жер төлөсүнө сел суулары кирип, 13 турак үйдүн короо жайларын каптаган»,- деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, КР ӨКМнин  №31 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, КР ӨКМнин №35 ӨКБдан 7 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы,айыл аймактан 5 киши, суу канал ишканасынан 1 суу ташуучу унаа,айыл аймактан 1 экскаватор жана 1 жүктөгүч тартылып, сел сууларынан тазалоо иштери толук аяктады.

 

Бөлүшүү