Эс алуу күндөрүнө арналган 5 мыкты комедиялуу тасма (Видео)

Saat.kg маалымат агенттиги сиздерге жагымдуу эс алуу каалоо менен бирге эс алуу күнүӊүздөр мыкты деӊгээлде өтүшү үчүн 5 мыкты тасманын тизмесин сунуштайт.
PS: сунушталган тасмалардын баарын көрүп чыкканбыз.
                                         «Амели»
«Ал сиздин жашооӊузду өзгөртөт»,-мына ушундай ураан менен тартылган французча фильм сизди эс алуу күндөрү кайдыгер калтырбайт. Кара же ак түстөн гана турган жашоого күн желесин алып келген, адамдарга эстен кеткис сезим тартуулаган Амели сиздин да жашооӊузга ачык түстөрдү алып келерине шек жок.

                              «Мой единственный»
Аялдык акылмандык, сарамжалдуулук жөнүндөгү эӊ мыкты тасма. Үй-бүлөлүк баалуулук, энелик мээрим жана чыныгы жашооодон алынган окуянын негизинде тартылган фильмде комедия менен кошо жашоодогу айрым суроолорго жооп таба аласыз.

                  «Невероятная жизнь Уолтера Митти»
Адамдардын дүйнөгө болгон көз карашы бир-бириникине окшобойт. Бирок, тасманын башкы каарманы Уолтер Миттинин жашоодогу максаты, ой жүгүртүшү таптакыр башкача. Бир күн келип ар дайым жүрөгүндө жашап жүргөн кыялы орундалат. Эгерде көптөн бери фантастика ааламына саякаттанууну пландап, убакыт таппай жүрсөӊүз бул тасманы көрүӊүз.

                             «Тоня против всех»
Оскар кино сыйлыгын укпаган жан болбосо керек. «Тоня против всех» тасмасы да дал ушул кино сыйлыкта талапкерлердин тизмесине кирген. Тасмада Тоня Хардинг аттуу муз тебүүчүнүн чыныгы жашоосу чагылдырылган. Кыскасы тасманы көргөн да арманда көрбөгөн да арманда.

                                              «Стажер»
Маанайды көтөрүүчү мыкты комедия. 70-жаштагы улгайган киши жаш бизнес-лединин кол алдына келип иштеп баштайт. Эӊ кызыгы эки муундун теӊ бири-бирине үйрөтчү тажрыйбасы жана өзгөчөлүгү бар.

Бөлүшүү