Грециядагы өрт кырсыгынан 50 киши каза таап, 150 киши жараланды (Видео)

Автор -
340

Грециядагы өрттө алгачкы белгилөөлөргө караганда 50 киши каза таап, 25и оор 150 киши жараланды.

Чыгыш Аттикадагы өрт миңдеген дөнүмдүк токой аянтын, сан жеткис үй жана автоунааны күлгө айлантты. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Токойлуу аянтта чыккан өрт, катуу жана улам багыт алмаштырган шамалдын себебинен Пендели, Мати, Рафина, Вучас сыяктуу дача жайгашкан жерлерин курчап, үйлөргө багытталганда өрт өчүргүчтөр бул жерлерден элдин чыгып кетүүсүн талап кылды.

Кутулуш үчүн деңиздин жээгине барган жүздөгөн кишиге жардам бериш үчүн жүгүргөн аскердик жана жарандык кемелер, Грециянын жээк коопсуздук яхталары жана атайын кайыктар, элди Рафина портуна жеткириш үчүн түнү менен каттады.

Үйсүз калган адамдардын убактылуу жашоолору үчүн Мейманканачылар биримдиги тарабынан мейманкана бөлмөлөрү берилди, аскердик жерлерге да жайгаштырылды.

Өрт кургактыктан 300дөй өрт өчүргүч, 100дөн ашуун өрт өчүрүч унаасы, жөө аскерлер жана ыктыярдуулар менен абадан болсо 7 Канадэйр учагы жана 10 тик учак менен өчүрүлүп жатканын айткан Жанакопулос, Европанын жарандык коргонуу механизминен абадан жана кургактыктан жардам колдоосу талап кылынганын айтты.

 

Бөлүшүү