Туладагы кыргыздар Жээнбековго кайрылды (Видео)

Автор -

Орусиядагы төрт жүздөй кыргызстандык мигрант кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековго жардам сурап кайрылды. Туладан жер сатып алып, там сала баштаган мекендештер жергиликтүү бийлик улуттук маселеден улам жерлерди кайрадан өкмөткө тартып алып жатканына арызданууда.

Белгилей кетсек, Орусиянын Тула облусунун Заокский районундагы Клищино айылында Кыргызстандан барган 427 түтүн эл жер үлүштөрүнөн ажыраганы турат.

«Төрт жүздөй кыргызстандык — жарымы Орусиянын жарандары, калганы кыргыз жарандары — ушул жакта жер үлүшүн сатып алып, каттоого туруп, кырктай үй салып коюшкан. Эми күтүүсүздөн бул аймакка отурукташууга тыюу салынаары айтылууда», — деп маалымдаган ал жактан үй алган активисттердин бири Баарикан Айылчиева.

Учурда, Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жана Тула облусунун Заокский районунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бөлүшүү