Тасмалар адамды жашоого жаӊыдан көз караш менен кароого жардам берет. SAAT.KG маалымат агенттиги сиздердин эс алуу күнүӊүздөр мыкты деӊгээлде өтүшү үчүн 5 мыкты тасманын тизмесин сунуштайт.
PS: сунушталган тасмалардын баарын көрүп чыкканбыз.
«1+1»
Тасманын режиссеру жана актерлору бул фильмде жашоодон алынган окуяны эӊ мыкты даражада ачып беришкен. Мындан сырткары ак менен караны да өз чегинде колдонушуп, комедия менен драманы бирдей деӊгээлде бере алышкан. Чыныгы достукту чагылдырылган фильм.
https://www.youtube.com/watch?v=whTjYy464cY
«Отпуск по обмену»
10000 чакырым алыста жашаган бейтаныш эки айым социалдык тармактардан таанышып калышат. Таанышуу учурдагы жашоосунан эс алууну каалаган эки айымдын үйү менен башма баш алмаштырууга алып келет. Бир окуя Айрис менен Аманданын жашоосун түп тамыры менен өзгөртөт. Абдан позитивдүү жана жылуулук тартуулоочу тасма.
https://www.youtube.com/watch?v=neMrgYZdqNo
«Реальная любовь»
Сүйүү чындыгында дүйнөнү башкарат эмеспи, карапайым адамдан премьер-министрге чейин. Тасмада көптөгөн кызыктуу сюжеттик линиялар камтылган алардын бири премьер-министрдин сүйүүсү. Бүтүндөй бир элдин башкаруучусуна сүйүү келсе эмне болоору кызык болсо, бул тасманы көрүӊүз.
https://www.youtube.com/watch?v=X_hhrJ98ZHI
«Эта дурацкая любовь»
Эс алуу күндөрү жеӊил жана жылмайуу тартуулаган тасмаларды көрүү керек. Мына ошолордун бири «Эта дурацкая любовь» тасмасы. Жашоо бумеранг мына ушул слоган менен тартылган фильмден сиз өзгөчө сезимдерди, маанайды жана өзүӊүзгө жашоо боюнча сабак ала аласыз. Эмма Стоун менен Райан Гослингтин сүйүү мамилесине дагы бир ирет күбө болосуз.
https://www.youtube.com/watch?v=MS2acJLLozU
«Под ветвями боярышника»
Сөзсүз түрдө кытайдын мыкты режиссерлоруна да токтоло кетүү керек. «Под ветвями боярышника» чыныгы, назик сүйүү, ата-энеге болгон урмат, Мекенге болгон сый дал ушул тасмада сүрөттөлөт. Аруу сезимге толгон тасма эс алуу күнүӊүздү унуткус кыларына шек жок. Баса, жүз арчыӊызды жаныӊызга алып алганыӊыз оӊ.
https://www.youtube.com/watch?v=bjYvneQkBv0