Греция: Токойдон чыккан өрт кырсыгынан 85 адам каза болду (Видео)

Автор -
385

Греция өлкөсүнүн түштүк-чыгышындагы Мати айылынын жанындагы токойдон өрт чыккан. Бүгүнкү күндө өрттүн кесепетинен 85 адам каза болуп, болжол менен 187 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Аймака “өзгөчө кырдаал” тартиби киргизилген.

Белгилей кетсек, Чыгыш Аттикадагы өрт миңдеген дөнүмдүк токой аянтын, сан жеткис үй жана автоунааны күлгө айлантты. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Токойлуу аянтта чыккан өрт, катуу жана улам багыт алмаштырган шамалдын себебинен Пендели, Мати, Рафина, Вучас сыяктуу дача жайгашкан жерлерин курчап, үйлөргө багытталганда өрт өчүргүчтөр бул жерлерден элдин чыгып кетүүсүн талап кылды.

Кутулуш үчүн деңиздин жээгине барган жүздөгөн кишиге жардам бериш үчүн жүгүргөн аскердик жана жарандык кемелер, Грециянын жээк коопсуздук яхталары жана атайын кайыктар менен элди Рафина портуна жеткиришүүдө.

Өрттүн кеӊири жайылып баратканына улам Греция коӊшулаш өлкөлөрдөн жардам сураган. Италия, Германия, Польша жана Франция өлкөлөрү жардам ирээтинде өздөрүнүн өрт өчүрүүчү тик учактарын жөнөтүшкөн.