Ишемби күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

28-июлда өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29,

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30,

Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34,

Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…14, күндүз 22…27,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 27…29 градуска жетет.

Бөлүшүү