Григорьев капчыгайындагы көлгө чөгүп кеткен 45 жаштагы адамдын сөөгү табылды

Автор -

Григорьев капчыгайындагы көлгө чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-июлда саат 20:05 чамасында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын Григорьевка капчыгайындагы Кара-Көл көлүнө 1973-жылы туулган А.А. (эркек киши) аттуу жаран чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

1-август күнү саат 08:50дө издөө иштерине ӨКМдин №31 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталган. Саат 11:30да куткаруучулар тарабынан маркумдун сөөгү суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү