Суу кодексин ишке ашыруу – суу ресурстарын натыйжалуу башкаруудагы Өкмөттүн негизги багыттарынын бири

Автор -
243

«Бүгүн суу ресурстарын комплекстүү башкаруу маселеси зор актуалдуулукка ээ. Өлкөнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн бул тармактын саясатын ишке ашыруу менен түздөн-түз алектенген мамлекеттик органдардын функцияларын координациялоо керек», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу жана Суу кодексин киргизүү маселеси боюнча Тегерек үстөлдө сөз сүйлөп жатып.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, планетада климаттын жылышына жана тузсуз суу камынын азаюусуна байланыштуу глобалдык тенденцияларды эске алуу менен суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу өзгөчө актуалдуу болуп саналат.

«Эл аралык эксперттердин баалоосу боюнча климаттын жылышы мөңгүлөрдүн бетинин кыскарышына алып келет, алардын аянты 2025-жылга карата 30-40% кыскарышы мүмкүн. Биздин өлкө бир кыйла жаратылыш ресурстарына ээ, анын ичинде жер жана суу ресурстары. Тоо мөңгүлөрүндө тузсуз суу камы 650 км3 деп бааланат. Өлкөдө 3000ге жакын дарыя жана булактардын жалпы жылдык агымы 47 км3, биз алардын 20%га жакынын гана колдонобуз», – деди ал.

Суу ресурстарын башкаруу жолдорун талкуулоо жана кароонун жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Кыргыз Республикасынын Суу Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Өкмөттүн кароосуна иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле бүгүнкү сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги өлкө Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн комиссиянын ишине тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн жана эксперттерди тартуу аркылуу ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүүсү зарыл.

Бөлүшүү