3-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

3-августта Кыргызстанда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30,

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29,

Ошто, Жалал-Абадда, Баткен облустарында 16…21, күндүз 29…34,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26 градус болот.

3-августта Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 28…30 градуска жетет.

Бөлүшүү