Аба ырайы: 4-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт

Автор -

Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 4-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Суусамырда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;

Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градус жылыйт.

Бишкекте 4-августта күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 28…30 градус болот.

Бөлүшүү