Венесуэланын президентине жарылуучу зат жүктөлгөн дрондор менен кол салуу болду (Видео)

Автор -

Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадурого, борбор шаар Каракастагы аземде сөз сүйлөп жаткан учурунда жарылуучу зат жүктөлгөн дрондор менен кол салуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кол салууда Мадуронун жаракат албаган.

Байланыш министри Жорги Родригез, кол салуунун Мадурону бутага алганын жана 7 аскердин жаракат алганын жарыялады.

Мадуро, кол салуудан кийинки элге кайрылуу сөзүндө, «Бул мени өлтүрүүгө карай аракет болду. Бүгүн мага кол салуу аракетин кылышты»,-деди.

Ушул убакка чейин топтолгон далилдердин, кол салуунун ашкере улутчулдар тарабынан жасалганын көрсөткөнүн белгилеген Мадуро, кол салгандардын Богота жана Маями менен байланышы болгонун айтты.

«Мага кол салгандардан айрымдары кармалды»,-деп айткан Мадуро, дагы кеңири маалымат берген жок.

Венесуэланын Улуттук парламентинин төрагасы Диосдадо Кабелло дагы Твиттердеги бөлүшүүсүндө, окуяны «террордук кол салуу» деп атап, «Шайлоолордо жеңишке жетише албаган оңчулдар, коомдук жайларда зомбулукту улантуу боюнча көөшөрүүдө», деген серебин салды.

Бир тараптан өздөрүн «Футболка кийген аскерлер” деп атаган топ, Твиттердеги бөлүшүүсүндө кол салуунун жоопкерчилигин милдеттенди.

Андан мурда аты угулбаган топ туурасында кеңири маалымат табылган жок.

Бөлүшүү