ЭККМК бирдиктүү депозиттик эсепке 80 млн сом которду

Автор -

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке 80 млн 14 миң 470 сом которду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Жемкорлордон өндүрүлгөн каражаттарын топтоо боюнча бирдиктүү депозитке аталган кызмат буга чейин 63 млн 362 миң 758 сом которгон эле.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууну буюрган. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Каржы министрлигинин алдында бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Бөлүшүү