“Макмалалтын” кенин иштетүүгө инвестор тандоо боюнча сынак өтөт

Автор -

“Макмалалтын” комбинатынын кенин иштетүүгө инвесторду тандоо боюнча сынакты 2018-жылдын аягына чейин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын ведомство аралык комиссия түзүп, анын курамына тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүн, 5 айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүн жана Тогуз-Торо районунун акимин кошуу сунушталууда.

“Кыргызалтындын” филиалы “Макмалалтын” Жалал-Абад облусунун калкы 22 миңге жакын Тогуз-Торо районунун бюджетти түзүүчү жалгыз ишканасы болуп эсептелет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү