АКШда кармалган казак жарандарына айып тагылды

Автор -

АКШда алдамчылык иши боюнча кармалган үч казак жаранына акчанын изин жашыруу айыбы тагылды. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

Анын айтымында, аларга айып 8-августтагы алгачкы соттук угуу маалында тагылды. Кийинки отурум октябрга белгиленди.

Казакстандын үч жараны – Диора Аширова, Азиза Жалолова жана Елена Кудайбергенова башка 22 киши менен бирге алдамчылык иши боюнча айыпталуучу катары өтүп жатышат. Эгер алар бул иш боюнча күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин казак ТИМи бир казакстандык ден соолугуна байланыштуу эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулганын кабарлаган.

Өткөн айда АКШнын Юстиция министрлиги 25 киши, анын ичинде мурдагы СССР өлкөлөрүнүн, АКШнын жана Түркиянын жарандары автоунаа сатууга байланышкан ири алдамчылыкка айыпталып жатканын кабарлаган.

Маалыматка караганда, айыпталуучулар интернетке автоунаа сатыла тургандыгы жөнүндө жарыяларды жайгаштырып, алдангандардан алынган акчаны жалган компаниялар аркылуу АКШнын сыртына которуп турушкан. Бул схема 2016-жылдын ноябрынан 2018-жылдын июлуна чейин иштеп келгени кабарланууда. Шектүүлөр мындай жол менен төрт миллион долларга жакын акча табышкан.

Бөлүшүү