«2018-жылдын 12-13-август күндөрү республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши мүмкүн»,-деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, 12- 13-августта абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.