13-августта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо жаан карга айланышы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;
Ош жана Жалал-Абад облустарында 14…19, күндүз 26…31;
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,
Нарын дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Бишкекте 13-августта түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30 градус болот.