Тажикстандан Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен дары-дармек ташуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.
5-августта Баткен районуна караштуу Кызыл-Жол айыл аймагынан «Мерседес-Бенц Спринтер-311» маркасындагы бус кармалган. Аны текшерүү учурунда белгисиз сапаттагы 5 миң куту стрептоцид, 1 миң 100 куту линкомицин жана 400 куту амарил салынган 46 таңгак дары-дармек табылган.
Кармалган жүк бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн ташылып келгендиги жана Саламаттык сактоо министрлигинин органдарынан тиешелүү сертификат алынбагандыгы аныкталды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Аткезчилик» беренеси (204-берененин 1-бөлүмү) боюнча иш козголду.