Каспий деңизинде мыйзамсыз балык уулаган төрт азербайжандык соттолду

Автор -

Каспий деңизинин Казакстанга тиешелүү бөлүгүндө мыйзамсыз балык уулоого айыпталган Азербайжандын төрт жараны алты айдан эрктеринен ажыратылышты.

14-августта Мангыстау облусундагы сот азербайжандыктарды «чек араны бузуп өтүүгө жана осетр балыгына мыйзамсыз тор салууга» күнөөлүү деп тапты.

Соттолгондордун аты-жөнү аталган жок. Соттун чечимине ылайык, алар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин дагы беш жыл бою Казакстанга киргизилбей турган болду.

Азербайжан жарандары казак чек арачылары тарабынан быйыл мартта кармалган. Анда бийлик мыйзамсыз балык уулап жүргөн адамдарды токтотуп, колго түшүрүү үчүн ок атууга туура келгенин билдирген.

12-августта Каспий боюнда жайгашкан Азербайжан, Иран, Казакстан, Орусия жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн президенттери деңиздин укуктук макамы тууралуу жаңы конвенцияга кол коюп, суунун өзүн, көл түбүндөгү жер кыртышын деңиз эрежеси менен бөлүп алууну макулдашты.

Бөлүшүү