Мусулмандардын эң башкы майрамдарынын бири эсептелген Курман айт быйыл Тажикстанда 21-августта белгиленет.
Тажик Уламалар кеңешинен билдиришкендей, майрамдык намаз өлкөнүн бардык мечиттеринде таңкы саат 6:30да башталат.
Майрамды белгилөө күнү Тажикстандын Илимдер академиясынын алдындагы Астрофизика институтунун окумуштууларынын эсеби боюнча аныкталды.
Уламалар кеңешинин 14-августтагы жыйынында бардык имам-хатибдерге адамдарды майрамда ысырапкорчулукка барбай, жупуну дасторкон жайууга үндөө тапшырмасы берилди.
Тажикстанда Орозо айт жана Курман айт майрамдалган күндөр 1991-жылдан бери дем алыш күн деп жарыяланган.