15-август күнү болжол менен саат 10.30 чамасында Германия мамлекетинин жараны Ральф Сесок Ысык-Көл ОИИБге фотоаппаратын, аларды жеткирген автоунаада унутуп калганын билдирген.
Маалыматка ылайык, чет мамлекеттик турист, Ак-Суу районунун Сары-Жаз аймагынын Ичкели-Таш туристтик каттамында келинчеги жана уулу менен болушуп, 14-август күнү кайрадан жөө жүрүш менен кайтып баратканын белгиледи. Орто жолго жетип калганында, жергиликтүү тургун автоунасы менен кезигип, кайсыл тарапка баратканын сураганда, Каракол шаарына жөнөп баратканын айткан. Анда, айдоочу бекер эле жеткирип коёрун сунуштаган. Караколго жеткенде аларды жеткирген автоунаада баасы 3 миӊ АКШ долларынан ашык турган фотоаппаратын унутуп калышканын билдиришкен.
Атайын англис тилин окуу курсун окуп бүтүрүшкөн милиция кызматкерлери чет мамлекеттик жарандын кайрылуусун которушуп, Ысык-Көл ОИИБнин тийиштүү кызматтына тапшырылат. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, көпкө узабай белгисиз автоунаанын айдоочусу аныкталып, андан чет мамлекеттик турист унутуп фотоаппарат табылып алынып, кайтарылып берилди.
Белгилеп кетсек, чет мамлекеттик жарандардын кайрылууларына жана арыздарына, котормочу адистерди күтпөстөн, тез аранын ичинде чара көрүү максатында үстүбүздөгү жылдын март айынын орто ченинде Ысык-Көл ОИИБи өздөрүнүн кызматкерлерине англис тилин окууту курсун уюштурушкан. Эки айлык атайын окууту курсун К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун жогорку квалификациялуу окуутучулар окутушуп, милициянын спецификасына тиешелүү болгон тил методикасын үйрөтүшкөн.