Тажик-өзбек бизнес-форумунда $200 млн. ашык суммага келишим түзүлөт деп күтүлүүдө

Автор -

Өзбек-тажик бизнес-форумуна катышуу үчүн 250гө жакын тажик ишкери Ташкентке барды. Анын жыйынтыгы боюнча 200 миллион доллардан ашык суммага келишимдер түзүлөт деп күтүлүүдө.

Өзбекстан борборундагы бизнес-форумга ишкерлерден тышкары Тажикстандын Тышкы иштер, Өнөр-жай жана жаңы технологиялар, Билим берүү жана илим министрликтеринин, Соода палатасынын жана Туризм комитетинин өкүлдөрү катышат.

Тажикстандагы «Гаюр-цемент» деп аталган жеке компаниядан өкүлдөрү Ташкенттеги бизнес-форумга жана тажик товарларынын көргөзмө-жарманкесине катыша тургандыгын билдиришти.

«Ошондой эле биз Өзбекстандын аймагына цемент заводун куруу маселесин дагы талкуулайбыз», – деп кошумчалашты компаниядан.

Буга чейин Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Неъматулло Хикматуллозода жакында жеке тажик компаниясы Өзбекстан түштүгүндөгү Сурхандарья облусуна жаңы цемент заводун кура турганын билдирген.

Эмомали Рахмондун Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алгачкы күнү Ташкентте «Тажикстанда өндүрүлгөн» деп аталган көргөзмө-жарманке өтөт. Бүгүн ага Эмомали Рахмон менен анын өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев барат.

Быйыл 9-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен Тажикстанда болгон. Анда эки тараптуу кызматташтык тууралуу жалпысынан 27 документке кол коюлган. Алардын арасында өлкөлөр ортосундагы 30 күндүк визасыз режим тууралуу келишим дагы бар.

Бөлүшүү