Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берди

Автор -

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети М.Дөөлөтбаеванын үй-бүлөсүнө жардам берди

Маалыматка ылайык, 18-август Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетнин кызматкерлери Мээргүл Дөөлөтбаеванын үй-бүлөсүнө жардам берип, төраганын атынан окуу куралдарды жана белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов коллегиялык жыйында шаардагы мекеме-ишканаларга мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдырына окуу куралдарын алып берүү боюнча демилге көтөрүп,сунушун берген.

Мээргул Дөөлөтбаева I-топтогу майыптыгы бар, жалгыз 5 жана 10 жаштагы балдарын тарбиялап келет

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү