“Ак кеме” повестинин негизинде экинчи тасма тартыла баштады

Автор -
687

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» («Жомоктон кийин») повестинин негизинде “Шамбала” аттуу тасма тартыла баштады.

Тасманын режиссеру Артыкпай Сүйүндүков, ал эми оператору Мурат Алиев болот. Сүйүндүков бул тасманын сценарийин узак убакыттан бери даярдап, фильмди тартыш үчүн жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин укканын “Азаттык” менен болгон маегинде билдирген.

“Шамбала” тасмасы Кемин, Балыкчы шаарларында жана Нарын облусунун аймагында тартылат. Тасманын бет ачары кийинки жылы өтөт.

Бул Айматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган экинчи тасма болот. Биринчи тасманы 1976-жылы режиссер Болот Шамшиев тарткан.

https://www.instagram.com/p/BlnPiZFj2ec/?hl=ru&taken-by=shambalafilm.kg

Бөлүшүү