Токмок шаарында эки бөлмөлүү үйдөн өрт чыгып, эки наристе каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан 22-августта кабарлашты.
Маалым болгондой, 21-август күнү саат 10:08де Токмок шаарындагы Ибраимова көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
«Өрттүн кесепетинен 95 чарчы метр турак үйдүн эки бөлмөсү, үй тиричилик буюмдары күйгөн. Ошондой эле өрттөн 5 жаштагы Р. уулу Х. жана 3 жаштагы Р. уулу Н. аттуу эки наристе каза болгон»,-деп айтылат маалыматта.
Өрт балдардын от менен болгон шоктугунан улам келип чыккан болушу мүмкүн.