Бүгүн, 27-август тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;
Баткен облусунда түнкүсүн 5..10, күндүз 23…28;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Бишкек шаарында түнкүсүн 12…14, күндүз 27…29 градуска чейин ысык болот.