Япониянын Токио шаарында 2-3-сентябрь күндөрү кыргыз киносунун жумалыгы өтүп, анын алкагында “Ишенимдин 600 күнү” даректүү тасмасынын бет ачары болот.
Тасма согуштан кийинки 1946-1948-жылдары болгон окуянын негизинде тартылган. Анын продюсери – “MEDIA LAB” компаниясынын негиздөөчүсү Арстанбек Саргалдаев.
Мындан сырткары, Болот Шамшиевдин «Ак кеме», Садык Шер-Нияздын «Курманжан датка» жана Гүлжан Ирештин «Хоккайдодогу Манас» тасмалары тартууланат.
Аталган иш-чараны Япониядагы Кыргызстандын элчилиги Япониянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу астында уюштурууда.