Токио шаарында кыргыз киносунун күндөрү өтөт

Автор -

Япониянын Токио шаарында 2-3-сентябрь күндөрү кыргыз киносунун жумалыгы өтүп, анын алкагында “Ишенимдин 600 күнү” даректүү тасмасынын бет ачары болот.

Тасма согуштан кийинки 1946-1948-жылдары болгон окуянын негизинде тартылган. Анын продюсери – “MEDIA LAB” компаниясынын негиздөөчүсү Арстанбек Саргалдаев.

Мындан сырткары,  Болот Шамшиевдин «Ак кеме», Садык Шер-Нияздын «Курманжан датка» жана Гүлжан Ирештин «Хоккайдодогу Манас» тасмалары тартууланат.

Аталган иш-чараны Япониядагы Кыргызстандын элчилиги Япониянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу астында уюштурууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү