Республикалык жоокерлердин энелер комитети тарабынан жарыяланган 2018-жылдагы “Жоокерлердин ден соолугу көзөмөлдө” аттуу республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, ӨКМдин аскер кызматчылары сыйлыктарга ээ болушту.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарындагы 3-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын медицина кызматынын зардалынын милдетин убактылуу аткаруучу прапорщик Эркинбай уулу Майрамбек “Жоокерлердин энесинин мээрими жана урматтоосу” медалы жана “Мыкты аскер фельдшери” наамы менен сыйланды.
Ошондой эле, КР ӨКМдин 3-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын издөө-куткаруу тобунун 2-издөө-куткаруу бөлүкчөсүнүн куткаруучусу Жаңыбай уулу Нургелди “Мыкты сүрөтчү” наамына татыктуу болду.
Белгилей кетсек, аталган сынак республикабыздагы бардык аскер бөлүктөр арасында өткөрүлүп, жыйынтыгы 24-август күнү чыгарылган.